Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Орусияга учуп кетти

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев кечээ, 19-декабрда Орусияга учуп кетти. Маалыматты мурдагы министр Бекболот Талгарбеков тастыктады.

"Аскар Акаев суракта Кумтөрдөн бир дагы сом албаганы, Centerra Gold акциясы жок экени аныкталды. Тактап айтканда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланбаганы далилденди, - деди Талгарбеков.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө 14-декабрда келген.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. 8-августта Аскар Акаев Бишкек-Москва багыты боюнча учуп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан