Бишкек шаарынын мэриясы ата мекендик автобус чыгаруучу "Белес KG" ЖЧКсы менен ишин жандантат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-январда компаниянын директору менен жолугушуу пландалууда. Автобустун тесттик режими ийгиликтүү аяктагандан кийин Транспорт департаменти "Белес КЖ" ЖЧКсынан автобустарды сатып алуу иштерин улантаары маалымдалды.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын февраль айында ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканада чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып аларын айткан.