Өлкөдө жасалган автобустардын алгачкы партиясын мамлекет сатып алат

"Белес.kg" ЖЧКсы тарабынан чыгарылган 10 автобусту мамлекет сатып алат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында билдиргенин президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи ата мекендик автобусту Садыр Жапаров өзү рулга отуруп сынап көргөн.

Президент Садыр Жапаров ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет бул ишканада чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып аларын белгиледи. Бул унаалар ийгиликтүү иштетилген учурда завод менен туруктуу негизде кызматташуу маселеси каралат.

Жакынкы күндөрү үлгү лабораториялык жана талаа сыноолорунан өтүү үчүн Кыргыз өлкөсүнүн сыртына жөнөтүүгө даярдалып, андан соң өндүрүштүк масштабда чыгаруу пландалууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, нөлдөн баштап толук кураштыруу Кыргыз өлкөсүнүн адистери тарабынан ишке ашат, ошондуктан автобусту толугу менен ата мекендик продукция деп атоого болот.

Эскерте кетсек, өлкөдө биринчи жолу жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус чыгарылды. Бул автобус европалык DAF концерни менен бирге чогултулган. Өндүрүш жана жыйноо толугу менен Кыргыз Республикасында ишке ашырылган. Ошондой эле сыноолор аяктагандан кийин өнөр-жайлык масштабда өндүрүү пландаштырылганы айтылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан