Биз социалдык тармакта

Майлуу-Сууда үзгүлтүккө учураган отказан иштеп жылуулук бериле баштады

Майлуу-Суу шаарында үзгүлтүккө учураган №1 от казан иштеп, 600 абонентке жылуулук берилди. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында айтылат.

Билдирмеге таянсак, 15-январда жергиликтүү элге ӨКМ тарабынан 4 өрт өчүрүү жана 2 суу ташуучу унаа сууга муктаж болгон тургундарга жалпы 17 ирет суу ташылып берилген.

"Ошондой эле ӨКМнын 1 экскаватору, Майлуу-Суу шаардык жашылдандыруу чарбасынан 1 трактордун жардамы менен арык казылып, Майлуу-Суу дарыясынан “Майлуу-Суу” лампа заводунун көлмөсүнө суу келип, көлөмү көбөйдү.

Майлуу-Суу шаарынын калкына атайын идиштердеги таза суу сатып берүү боюнча жеке ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүү менен келишим түзүлүп, натыйжада 2 тонна таза суу жеткирилди", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январда шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отканалардын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берилбей калган.

13-январда Майлуу-Суу шаарынын аймагына III оордук даражасындагы Өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан