"Жылуулуксуз калып". Майлуу-Суу шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, 12-январда калаа калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган, тактап айтканда, таза суу сактагычында түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Ошол эле учурда шаардыктарга берилүүчү суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отканаларда жылуулук берүү системасына суу толук келбей калган.

Кырдаалга байланыштуу Майлуу-Суу шаардык мэриясында Жарандык коргонуу комиссиясынын жыйыны өткөрүлүп, жагдайды жөнгө салуу боюнча тиешелүү тапшырмалар коюлган.

Суунун көлөмүн калыбына келтирүү үчүн коммуналдык кызмат менен бирдикте шаардын Саматов көчөсүндө жайгашкан отканага өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн КамАЗ жана ЗИЛ-131 өрт өчүрүүчү автоунаалары дарыядан суу сордуруп, отказанга толтуруу жумуштарын аткарганын кабарлады.

Ага карабай шаарга жылуулук берүү токтоп, 13-январда шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Видео: ӨКМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан