Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 23-январда Чоң Чүй каналынан зомбулук менен өлтүрүлгөн, буту-колу байланган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аталган жаран 19-январдан бери изделип жаткан 1989-жылы туулган А.К. аттуу жаран экендиги аныкталды.
Кылмышка шектүү катары 22 жаштагы У.Ш. жана 31 жаштагы Д.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Алар 19-декабрь күнү маркумду сабап, колу-бутун байлап, каналдын суусуна ыргытып жиберишкенин моюнуна алган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Бүгүн, 23-январда ӨКМ Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 34 жаштагы жарандын сөөгү табылганын маалымдаган болчу.