Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 34 жаштагы жарандын сөөгү табылды

19-январдан бери Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 34 жаштагы жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 19-январь күнү Чүйдүн Аламүдүн районунун Алма-Ата көчөсүндө Чоң Чүй каналында белгисиз жарандын сөөгү суу тосмосунда жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жансыз денени суудан чыгарып беришкен.

"Аталган жаран буга чейин Чоң Чүй каналында изделип жаткан 1989-жылы туулган А.К. аттуу эркек жаран экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жогоруда аталган жаран 19-январдан бери Чоң Чүй каналынан изделип жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jam77
2023-01-23 14:29:00
Бул кишинин өлүмүнө эмне себеп болду. . . .?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан