Биз социалдык тармакта

Бишкекте айрым мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт

Бишкек шаарында экинчи нөөмөттө окуган мектеп окуучулары эки күнгө онлайн окутууга өткөрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалым болгондой, 26-27-январда калаадагы экинчи нөөмөттө окуган окуучулар онлайн окушат.

Мындай чечим борбордук көчөлөрдө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турганына байланыштуу окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен эртең, 26-январда келет. Буга байланыштуу милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

26-27-январда төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат:

  • Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;
  • Фучик көчөсү менен Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсү менен Фучик көчөсүнөн, Манас кең көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Ч. Айтматов кең көчөлөрү менен Чүй кең көчөсүнөн тартып, Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан