Шавкат Мирзийоев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында өлкө башчы Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалып жатканы маалымдалат.

"Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат.

Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу мерчемделип жатканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан