Биз социалдык тармакта

Түркияда Кыргызстандын куткаруучулары төрт адамдын жансыз денесин чыгарды

Түркиянын Кахраманмараш шаарында кыргызстандык куткаруучулардын куткаруу иш-чараларынын алкагында 4 жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын курамында фельдшерлер, психолог, кинологдор бар. Жалпы 67 адамдан турган топ барган.

Белгилей кетсек, 6-февралга караган түнү саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жер силкинүүнүн очогу Түркиянын түштүк-чыгышындагы Газиантеп шаарынан 26 чакырым алыстыкта, Сирия менен чек арага жакын жерде орун алган.

Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзаладан 5 894 адам көз жумса, 34 810 жаран жабыркаган. Мындан тышкары 5 775 турак жай ураган. Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 1 712ге жеткени жана 2 054 киши жабыркаганы айтылууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан