Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 7 миңден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Андолу" басылмасы жазган маалыматка караганда, Түркияда зилзаладан 5 894 адам көз жумса, 34 810 жаран жабыркаган. Мындан тышкары 5 775 турак жай ураган.
ВВС берген маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен Сирияда каза болгондордун саны 1712ге жеткен. Учурда куткаруу иштери уланып жатат.
Эске салсак, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын түштүк-чыгышындагы жети аймагында күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болду. Ал Сириянын бир нече провинцияларында жана Ливанда да сезилген. Буга байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган жети күндүк улуттук аза күтүү жарыялаган.
Кыргызстан табият кырсыгынан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында ӨКМнын 63 куткаруучусун Түркияга жөнөттү.