Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рыскелди Момбеков Кыргызстандын экс-президенттеринин жолугушуусу Дубайда (БАЭ) өткөнүн билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал мурунку президенттердин кимиси кимге каршы чыкканы жакында белгилүү болорун жазды.
Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин, экс-депутат жогорудагы билдирүүсүн өчүрүп койгон.
Белгилей кетсек, кечээ, 18-февралда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык мурдагы президенттеринин жолугушуусу болгонун билдирген.
Ага Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышканы, жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өткөнү кабарланган.