"Ачуу кептерди айтышты". Садыр Жапаров мурдагы президенттердин баарын чогултту

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын мурдагы президенттеринин баарын чогултту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ага ылайык, жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өткөн.

Кийинчерээк өлкө башчы бул боюнча фейсбуктагы баракчасына билдирүү жарыялады. Билдирүүсүндө ал мурдагы өлкө башчылар ачуу кептердин баарын айтканын белгиледи.

"Өлкөнүн келечеги деп көкүрөктү эзген кыял ишке ашты - эл-жерибиздин түбөлүк ынтымагы үчүн мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго олтургуздум.

Азыркы ааламдашуу маалында ички стабилдүүлүккө, улуттук ынтымакка умтулган өлкөлөр гана өнүгүү жолуна түшүп, кубаттуу мамлекеттерге айланган учур. Тээ учурунда улуу дөөлөттөрдү жараткан, Евразия мейкиндигин ээлеп жаткан байыркы кыргыз эли азыр кандай абалда? Ынтымак жоктуктун, бийлик талашмайдын айынан илгерки империябызды жоготуп, Орто Азиянын бир кычыгында калып бараткандайбыз. Ооба, көз карандысыз өлкө деп жар салганыбыз менен өнүгүү жолубуз эмне кечеңдеп келет? Мындай соболдорду кое берсек, биринин артынан бири суроо жарала берчүдөй...

Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы.

Бирок баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз "Акаевчи", "Бакиевчи", "Атамбаевчи" «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка "чылар" дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!

Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин "султан сөөгүн кордобойт" деген таасын кеби бар эмеспи!

Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй мүйүз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти.

Албетте, биринин артынан бири келген мурдакы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты. Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле.

Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан - уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам.

Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-журт!
Ата-бабалар наркына да карасак, «атанды өлтүргөнгө энеңди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, Кыргызстандын түбөлүк кызыкчылыгын ойлонолу.

Мага чейинки журт башчыларынын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгым да, жеке кусаматым да жок, милдеттүү дагы эмесмин!
Муну да баса белгилеп айтып коюум керек", - деп жазды Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Erma78
2023-02-18 22:22:00
Бири бирин кечирди деп элге жарыя кылбай эле койгула, бирок элди аткан президенттерди эл эч качан кечирбейт. Анысы аз келгенсип туугандары менен бийлике келип алып мамлекетти тоногондор жооп тартылбай калдыбы. Минтип шоу уюштуруп кереги жок. Садыр Жапаров жаш баланын ишин кылбасын.
+3
Allah Akbar
2023-02-18 23:54:00
Erma78 туура эле Эми негизкиси Аллахтын айтканын кылыптыр калган нерсе озун абирийнде Жана ар Бир Адам озу жооп берет мен же сен эмес
-7
Nuri45
2023-02-18 22:44:00
Буйрук менен өлтүрүлгөн журналисттер, коомдук ишмерлер, Медет Садыркуловтун өлүмүнө Садыр өзү жооп береби
-1
NURSAPAR
2023-02-19 00:14:00
Эң туура. Бири бирине кек сактап жүргөндө караганда таарынычтарын айтып алышыптыр. Бири бирин чукугандан көрө. Чогуу Кыргызстандын келечегин ойлошсун.
-6
Ulm
2023-02-19 02:35:00
Садыр чыныгы эркек экен.мындай иш баарынын колунан келе бербейт.чыныгы патриот!
-4
Samina007
2023-02-19 08:27:00
Чыныгы эркек экенсин.журт башы деп ушуну айтат. Акыйкаттык менен иш кылыпсың. Келишсин баары кыргызыстанга жашасын.уят башка мамлекеттерге деле Сен өлтүргөнсүн деп эле күүнөөлөй берсек туура эмес баары аллахтын колунда.
-7
Asmat84
2023-02-19 08:53:00
Булар эч качан бири бирин кечиришпейт. Эч качан бирөөсү да күнөөлөрүн мойнуна алышпайт акайып бакыйыпка айтат мени кууп сен эмне болдуң деп, күнөң болгон үчүн куудук да дейт бакыйып отунбайга айтат отунбай ашага айтат аша Жээнбековго айтат Жээнбеков Жапаровго айтат Жапаров кайра эле ашага айтат ошентип отуруп булардын концерти бүтпөйт. Менин оюмча булардын баарын топтогону менен эч кандай жыйынтык болбойт булар бири бирин эч качан кечиришпейт. Балким бул да болсо популисттик кадамдардыр
+5
surgeon777
2023-02-19 11:48:00
Баардыгы 1млн дон толоп тышкы карыздан кутултушсун Кыргыз элин,ошондо кечирем...
-3
raykray
2023-02-19 13:43:00
Олгон олуп бутту! Душмандар коз салып турганда ынтымыктуу болуп акылдашып КР келечегин ондосун! Биздин балдар биздей тентибей КЫргыз жеримде патриот болуп онуп оссун! Бакиев адамдарды олтурду дегендерге кошулбайм! Олгондорго боорумда ачыгын жери жок! Билесинерда ошондо кандай мародёрства болгон?! Бишкектин талканын чыгарган бекерчилер, алкаштар)
-5
Antiradikal12
2023-02-21 09:54:00
Аферист Садыр адатынча популисттик кадамдарга барыптыр да. Садыр кечирсе да эл кечирбейт. Элдин атынан суйлоого эч биринин акысы жок. Ончой кузгундар чогулуптур да, шакалдар.......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан