Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов жаңыланган рейтингде экинчи орунга түшүп калды. Мындай маалымат дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.
Акжол Махмудов 45 миң упайы менен экинчи орунга түштү. Кыргыз балбанынын ордуна венгриялык Золтан Леваи чыкты. Анын карамагында 45 миң 175 упай бар.
Ал эми үчүнчү орунга түркиялык Юнус Эмре Басар жайгашты.
2022-жылдын сентябрь айында Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалында Акжол Махмудов дал ушул венгриялык балбанды 0:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген.