Бүгүн, 11-сентябрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө. Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө финалдык беттештер уланды.
Дүйнө чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов финалга чейин жетти. Финалда кыргыз балбаны венгриялык Золтан Леваи менен кез келди.
Беттеште Акжол Махмудов венгриялык балбанды биринчи бөлүктө эле 0:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Муну менен Акжол Махмудов Кыргыз курамасына алгачкы алтын медалды алып келди. Ошондой эле Акжол Махмудов Кыргызстандын тарыхында эркектер арасында Дүйнө чемпиону болгон алгачкы балбан болду.