8-мартта мас абалда унаа айдаган 75 айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылат
Өлкөдө 8-мартта мас абалында унаа башкарган 75 киши аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан кечээ 2 419 жол эрежесин бузуу катталган. Алардын ичинен документи жок унаа башкарган 63 айдоочу аныкталса, 988 киши ылдамдыкты ашырып айдаган.
Эске салсак, 8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарга карата жаңы эрежелер күчүнө кирген. Эми мас абалында унаа башкаргандарга мурдагыдай 17 500 сом айып салынбай, дароо эле айдоочулук укугу бир жылга жокко чыгарылат. Дагы кайталанса үч жылга рулга отуруу укугунан ажырайт.