- белгиленген нормадагы ылдамдыктан 60 чакырым/сааттан ашса - мурда 7 500, эми 15 000 сом;
- жол чырактын кызыл түсүнөн өтсө же тротуар менен жүрсө - мурда 3 000, эми 5 000 сом;
- каршы тилкеге чыгып айдаса - мурда 5500 сом, эми 15 000 сом;
- унаа бейбаштыгы - мурда 7 500, азыр 15 000 сом. Эреже кайталап бузулса 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;
- айдоочу унааны кырсык болгон жерге таштап кетсе, бирок анын аракетинде кылмыш курамы байкалбаса айдоочулук күбөлүгүнөн 6 айга ажырайт. Мурда айып пул 10 миң сом болчу;
- жасалма номер менен унаа айдагандар үчүн айып пул 20 миң сом, кайталап мыйзам бузса бир жылга айдоочулук күбөлүгү жарактан чыгарат;
- мурда айдоочу 10 миң сомго чейин төлөнбөгөн айып пул менен жүрө берчү. Эми 3000 сомдон ашса унаа айып короого токтотулат;
- унаасына этикага туура келбеген, мыйзамсыз аракеттерге чакырган адаттан тыш жазууларды, сүрөттөрдү жабыштырып алса 5 500 сом айып салынат;
- бир жыл ичинде үч же андан көп жол эрежесин бузса кайрадан экзамен тапшырат.
Мындан сырткары, салынган айып пулдарды 70 пайыздык жеңилдик менен төлөө мөөнөтү он беш күндөн бир айга узартылат.