Александр Крестининди футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучулук кызматынан салтанаттуу түрдө узатуу ушул жылдын июнь айында болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, июнь айында футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы окуу-машыгуу жыйынына чогулат. Ошол учурда Александр Крестининди салтанаттуу түрдө узатуу аземи болот.
Кечээ, 3-апрелде Кыргыз футболдук союзу Александр Крестинин өз ара чечим менен кызматтан кеткенин билдирген. Анын ордуна орусиялык Андрей Канчельскис келиши мүмкүн.