Футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти

Бүгүн, 3-апрелде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Бул тууралуу маалымат аталган федерациянын Инстаграмдагы баракчасында жарыяланды.

Анда мындай чечим Кыргыз футболдук союзу менен Александр Крестининдин өз ара макулдашуусу менен кабыл алынганы айтылат.

"Анын жетекчилиги астында курама команда бир катар ийгиликтерге жетишти. Кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымыңыз үчүн рахмат", - деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Крестинин улуттук кураманы 2014-жылдан бери машыктырып келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-04-04 08:15:00
Ордуна Кыргызга күйгөн дасыккан футболчу келсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан