"Барселона" футболдук клубунун айрым футболчулары мурдагы командалашы Лионель Мессинин клубга кайтып келишине каршы болушууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каталондук клубдун футболчулары Роберт Левандовский, Марк-Андре тер Штеген, Ансу Фати жана Усман Дембеле Мессинин кайтып келишине каршы экендиктерин билдиришкен. Мунун бир нече себеби бар. Алардын айрымдары Месси командага кайтып келсе негизги курамдагы ордун жоготобуз деп кооптонушкан.
Ошондой эле аталган футболчулар Месси менен бир пикирге келе албай келишкени дагы айтылды.
"Барселонанын" учурдагы чабуулчусу Левандовский Мессиге мурда эле таарынып жүргөнү, ошондой эле ал клубга кайтып келсе командадагы негизги жылдыз оюнчу статусун жоготуп алуусу белгиленди.
Буга чейин Лионель Мессиге Сауд Арабиянын "Аль-Хилял" футболдук клубу миллиондогон долларлык келишим сунуштаганы белгилүү болгон. Бирок, Месси андан баш тартып, "Барселона" клубун тандаганы кабарланган.
Лионель Мессинин "ПСЖ" клубу менен түзгөн келишими ушул жайында аягына чыгат.