Сауд Арабиядагы миллиондор же "Барселона"? Месси алдыдагы карьерасы боюнча тандоо жасады

Аргентиналык чабуулчу Лионель Месси Сауд Арабиядагы миллиондогон долларлык келишим менен "Барселона" футболдук клубунун ортосунда тандоо жасады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы чабуулчу акчаны эмес, "Барселона" клубун тандаган. Ал буга чейин "Барселонанын" башкы машыктыруучусу Хави менен клубдагы кырдаалды талкуулаганга дагы жетишкен. Месси Хави менен сүйлөшүүдө "Барселона" клубунун жеңиштери жана жеңилүүлөрү тууралуу айтып жатып, "Биз жеңгенде", Биз жеңилгенде" деп сүйлөгөн.

Клубдун директору Жоан Лапорта дагы Мессинин "Барселона" клубуна кайтуусуна кызыкдар.

Лионель Мессинин "ПСЖ" клубу менен түзгөн келишими ушул жайында аягына чыгат.

Буга чейин Сауд Арабиянын "Аль-Хилял" футболдук клубу Лионель Мессиге жылына 400 миллион евролук келишим сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан