
Бүгүн, 5-майда Нарын облусунун Ат-Башы районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу ӨКМдан маалымат беришти.
"Өзгөчө кырдаал режими аба ырайы турукташып жааган карлар эрип, малчыларга жана мал-жандыктарга болгон коркунуч жоюлгандыгына байланыштуу алынды", - деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 3-майда Ат-Башы районунун Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында өзгөчө кырдаал режими
киргизилген.