Ат-Башыда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна 3-майдан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлады.
Белгилүү болгондой, мындай чечим Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу максатында кабыл алынды.
"Арпа өрөөнүндө 2-майдан тарта аба ырайы кескин өзгөрүп, кар калың жаап, жайлоодо 5 үй-бүлө мал жандыктары менен калган. Малчыларда 867 уй, 1400 кой бар болгон. Учурда алардын тамак-аштары жетиштүү, бирок мал жандыктардын тоюту жок болгондугуна байланыштуу малчылар жардам сурап кайрылган.
ӨКМдан ыкчам топ тартылып, Ат-Башы районунун акиминин орун басары жеринде болуп жаткан абалдан кабар алып, жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте жерине 680 түк чөп жеткиришти" деп билдиришти министрликтен.
Учурда жол каттамы ачык.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан