Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Өрт Көк-Мойнок айылы тараптагы токойдон чыккан. Ал жерде куураган чөптөр жана камыштар бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азырынча бул өрт кырсыгы тууралуу маалымат тарата элек.
Белгилей кетсек, Боомдогу ушул аймакта апрель айынын аягында дагы өрт чыккан. Анда 70 сотых аянттагы куураган чөп өрттөнгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен.