Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты

Бүгүн, 26-апрель күнү Боом капчыгайында кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиришти.

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен жерине облустук башкармалыктын башчысы жетектеген штаб тартылган. Мындан сырткары өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылды.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен түшкү саат 12:37де чектөөгө алынып, өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 70 сотыхты түзөт.

Эске сала кетсек, 24-мартта жана 25-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-2 айылында өрт чыгып, жалпы 55 гектарга жакын аянтты каптаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан