1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүн белгилөө учурунда "Ала-Тоо" аянтында жоголгон 503 баланы милиция кызматкерлери ата-энелерине кайтарып берди. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Бишкек ШИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, калаанын борбордук аянтында өткөн майрамдык иш-чарага 40 миңден ашуун адам катышты.
Белгилей кетсек, кечээ "Ала-Тоо" аянтында Балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата концерттик иш-чара болду.