Бүгүн, 1-июнда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Балдарды коргоонун эл аралык майрамына карата иш-чаралар өтүп жатат. Майрамдын шаңына бөлөнгөн бөбөктөр, жеткинчектер жана алардын ата-энелери учурда майрамдык концертке күбө болушууда.
Иш-чаранын башында борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, чын ден соолук, узун өмүр каалап кетти. Мындан тышкары Жогорку технологиялык паркынын өкүлдөрү D Billions чыгармачыл тобуна 1 миллион сомдук сүйүнчү акчанын сертификатын тапшырды.
Мындан тышкары саамалыкка Индия, Башкортостан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктор өнөрлөрүн тартуулап жатат.