Биз социалдык тармакта

"Күн ысыйт". 7-июнга карата аба ырайы 

Эртең, 7-июнь күнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +33…+38,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 35…37.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Буга чейин өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү таратып, 7-9-июнь күндөрү аба ырайынын температурасы кескин көтөрүлө турганын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан