Эртең, 7-июндан баштап өлкө аймагында күн кескин түрдө ысыйт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, абанын күндүзгү табы: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35…40°; Талас облусунда 33…38° градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
"ӨКМ эскертет! Мындай кургак ысык аба ырайында күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө аракет кылыңыз. Сууну көбүрөөк ичип, ысык өткөрүп алуудан сак болуңуз. Жогорку кан басым, жүрөк оору менен жабыркагандар бул күндөрү сыртка жана сапарга чыгуудан баш тартып турууга чакырабыз. Мындан сырткары айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат", - деп жазылат билдирүүдө.