Тышкы иштер министрлиги Орусияда сууга чөгүп каза тапкан 31 жаштагы Кыргыз жараны тууралуу маалымат берди.
"Кыргызстандык жарандын каза болушунда эч кандай криминалдык иш-аракеттер катталган эмес. Алдын ала маалымат боюнча жаран этиятсыздыктан улам сууга чөккөн. Учурда экспертиза дайындалып, тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Жүк-200" боюнча иштерди алып барууда", - деп билдиришти министрликтен.
Эске салсак бүгүн, 2-августта Орусиянын Орск шаарындагы Урал дарыясынан чөгүп кеткен кишинин жансыз денеси чыгарылганы тууралуу маалымат чыккан. Аны куткаруучулар сууга түшүүгө болбой турган аймактагы көпүрөнүн астынан таап алышкан. Ошондой эле маркум Кыргыз жараны экендиги аныкталган.