Орусияда 31 жаштагы Кыргыз жараны сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта орусиялык Ural56.ru басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 1-август күнү Орск шаарынан агып өткөн Урал дарыясынан чөгүп кеткен кишинин жансыз денеси чыгарылган. Аны Оренбург облусундагы Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы кечки саат 21:15 чамасында, сууга түшүүгө болбой турган аймактагы көпүрөнүн астынан таап алышкан. Ошондой эле маркум кыргыз жараны экендиги аныкталган.
Окуя боюнча Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.