"Луна-25" кемесинин Айга кулашы: Советтик окумуштуу ооруканага түштү

СССРдеги космостук изилдөөлөр боюнча илимий жетекчилердин курамынын мүчөсү, 90 жаштагы Михаил Маров "Луна-25" аппаратынын кыйрашы тууралуу кабардан кийин ооруканага жатты. Бул тууралуу окумуштуу өзү журналисттерге космостук кемедеги кырсык боюнча өзүнүн версиясын айтып жатып билдирди.

Маров "Луна-25" кемесинин кыйрашына аябай тынчсызданганын билдирген. Анткени ал космоско учууну өзүнүн өмүрлүк иши деп эсептей турганын кошумчалаган.

"Кандайдыр бир деңгээлде Айдын орбитасына учуруу алгоритмдеринде катачылыктар болгон. Аны табыш керек. Комиссияда иштей турган адистер үчүн бул чоң көйгөй болбойт. Ким катачылык кетиргени жакында эле табылат", - деген ал.

Михаил Маров Айды, Венераны жана Марсты изилдөөнүн узак мөөнөттүү советтик программаларынын демилгечилеринин жана илимий жетекчилеринин бири.

"Луна 25" станциясы 11-августка караган түнү Амур облусундагы "Восточный" космодромунан учурулган. Станция бүгүн, 21-августта Айдын түштүк уюлуна конуп, ал жерде муздун бар-жогун жана жер кыртышын изилдеши керек болчу. Бирок, "Роскосмос" агенттиги кечээ, 20-июнда станция айдын бети менен кагылышып, кулап түшкөнүн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан