Орусиянын "Луна-25" кемеси Айга кулап түштү

Орусиянын "Луна-25" станциясы Айдын бети менен кагылышып, ишин токтотту. Бул тууралуу кечээ, 20-августта "Роскосмос" агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 19-августта Москва убактысы боюнча саат 14:57 чамасында аппарат менен байланыш үзүлүп, 19-20-августта "Луна-25ти" издөө жана аны менен байланышуу эч кандай жыйынтык берген эмес.

"Алдын ала талдоолордун натыйжалары боюнча импульстун чыныгы параметрлеринин эсептелгенден четтеп кетишинен улам станция конструкциядан тышкаркы орбитага которулду жана анын Айдын бети менен кагылышуунун натыйжасында ишин токтотту", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

"Луна 25" станциясы 11-августка караган түнү Амур облусундагы "Восточный" космодромунан учурулган. Станция 21-августта Айдын түштүк уюлуна конуп, ал жерде муздун бар-жогун жана жер кыртышын изилдеши керек болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан