Футболчу кызды өөп талкууга калган Испаниянын футбол федерациясынын башчысы кечирим сурады

Футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында команданын капитанын оозунан өпкөн Испаниянын футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалес кечирим сурап, ФИФА текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ФИФА аны бул жоругу үчүн 90 күнгө кызматынан четтетти. Учурда ФИФА бул боюнча текшерүү ишин баштады.

Ошол эле маалда Луис Рубиалес кызматынан кетпей тургандыгын билдирген. Бирок буга Испания курама командасынын 30дай футболчусу каршы болуп, Рубиалес кызматтан кетпесе алар улуттук курамага ойноодон баш тартышарын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде футболчу кыздардын бирин өөп, сынга кабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан