Сыйлоо аземинде кызды өпкөн Испаниянын футбол федерациясынын башчысы сынга кабылды

Испаниянын футбол федерациясынын президенти Луис Рубиалес кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде футболчу кыздардын бирин өөп, сынга кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Испания федерациясынын жетекчиси сыйлоо аземине ФИФАнын президенти Жанни Инфантино менен чогуу катышты. Чиновник 33 жаштагы футболчу Женнифер Эрмосонун башынан кармап, эриндерин өпкөн. Футболчу кыз дагы каршылык көрсөткөн эмес. Жыйынтыгында күйөрмандар Луис Рубиалести кескин сындап чыгышты.

Кийинчерээк Эрмосо бул окуяга комментарий берген. Спортчунун айтымында, ал Рубиалестин өпкөнүн жактырган эмес. Ошондой эле ал сынчыларды "акылсыз адамдар" деп атаган.

Кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалында испаниялыктар Англияны 1:0 эсебинде утуп алышты. Коло медалды Швеция курамасы утту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан