Бразилиялык жана дүйнөлүк футболдун легендасы Роналдинього Бразилиядан чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бразилиялык G1 басылмасына таянып, чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, мындай тыюу 43 жаштагы Роналдиньонун "алдамчылык" иши боюнча сот отурумдарына келбегендигине байланыштуу киргизилген. Жакында “Барселонанын” экс-футболчусуна тиешелүү айыптар тагылганын жазышты.
Эске салсак, Роналдиньо Европада "ПСЖ", "Барселона" жана "Милан" клубдарында ойногон.
Роналдиньо Бразилия курамасында 97 оюн өткөргөн. Анда футболчу 33 гол киргизип, өнөктөштөрүнө 28 пас берген.
Белгилүү футболчу тууралуу SUPER.KG порталы даярдаган макала бул шилтемеде.