Бразилиялык футболчу Роналдиньо Кыргызстанга келет. Бул тууралуу "Барселона" футболдук клубунун расмий сайтында маалымдалат.
Алар КМШдагы жалгыз "Барселона" футбол академиясынын ачылышына катышат. Иш-чара 28-30-августка белгиленген.
SUPER.KG порталы белгилүү футболчу тууралуу кызыктуу фактыларды топтоду.
Дүйнөдөгү эң мыкты футболчу. Чыныгы чемпион. Уникалдуу. Өзгөчө техникалык сапаттары менен укмуштуудай талант. Мыкты оюнмейкер. Мындай эпитеттерди Роналдинього анын кем эмес титулдуу кесиптештери Пеле, Диего Марадона жана Кака ыйгарышкан. Албетте, алар жаңылышкан жок деп моюнга алышыбыз керек. Спортчу өзүнүн жылдыз статусун бир нече жолу далилдеген.
БАЛАЛЫК ЖАНА ЖАШТЫК
1980-жылы 21-март күнү Кеме куруучу заводдун жумушчусу Хуан да Силва Морейра менен медайым Дона Мигелинанын үй-бүлөсүндө үчүнчү наристе төрөлүп, Рона́лду ди Аси́с Море́йра аттуу уулдуу болушкан.
Үй-бүлө Бразилиянын эң чоң шаарларынын бири – Порту-Алегриде жашачу. Атасы континенттер аралык кубоктун жана "Либертадорес" кубогунун ээси "Гремио" футбол клубунун унаа токтотуучу жайында иштеген. Анын уулдарынын спорттун бул түрүнө кызыгуусу да бекеринен эмес. 1988-жылы үй-бүлө башчысы үй бассейнинде сүзүп жүрүп жүрөгү кармап каза болгон.
Роналдиньо 7 жашынан баштап барып баштаган "Лангендонк" футбол мектеби "кичинекей Роналду" деп аташкан. Болочок чемпион бул спортко чоң агасынын артынан келген. Бирок бир тууганынын тизесинен алган жаракаты спортчунун карьерасына чекит койгон.
Бразилиялык маалымат каражаттары таланттуу Роналдиньо тууралуу биринчи жолу 13 жашында жаза башташкан. Анда анын "Белу-Оризонти" командасы 23:0 эсебинде жеңишке жеткен. Беттештеги бардык голдорду ал өзү киргизген.
КАРЬЕРА
Роналдиньонун карьерасы 15 жашында "Гремио" футбол клубунда башталган. Ал биринчи профессионалдык келишимге кол коюп, 1997-жылы жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда ойноого жетишкен.
Ал "Пари-Сен-Жермендин" катарына кошулганда чабуулчунун өмүр таржымалы кескин өзгөргөн. Француздар өсүп келе жаткан жылдыз үчүн 5,1 миллион евро төлөшкөн.
ПСЖ анда Роналдиньо үчүн трамплин катары гана эсептелген. Париждиктердин улуттук турнирде 11-орунга ээ болгондон кийин чабуулчу европалык мелдешке чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберген клубдан кеткен.
Бул кадам "Барселонаны" багындырууга тоскоол болгон жок. Таланттуу легионер менен келишим түзүү үчүн "Манчестер Юнайтед" менен "Реал Мадрид" да аракет жасаган. Жыйынтыгында "Барселона" клубу менен 32 миллион еврого келишим түзгөн.
Роналдиньо каталондуктардын жылдызына айланган. Биринчи сезондон баштап күйөрмандар жаркыраган оюнду, кооз голдорду жана кол тамгаларды көрүшкөн.
ФИФАнын "Алтын топ" сыйлыгынын ээси, Чемпиондор Лигасынын эң мыкты оюнчусу, Испаниянын эки жолку чемпиону - бул Роналдиньонун "Барселонанын" курамында алган наамдарынын толук эмес тизмеси.
Германияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта жана 2008-жылкы Олимпиада оюндарындагы көңүл жылытпаган көрсөткүчтөр, алган жаракат, Роналдиньону "Барселонадан" кетүүгө аргасыз кылган.
Өзүнүн курамында чемпионду көрүүнү каалаган клубдар дагы эле көп болчу. Бирок футболчу италиялык "Милан" клубунун курамына кошулган.
Убакыттын өтүшү менен чабуулчунун өмүр баянындагы алтын мезгил аяктады. Машыктыруучулар курамы менен чыр-чатактар башталып, футболчу барган сайын макулдашууларды бузган деп айыпталып, аны түнкү клубдардан көрүп калышкан. Бул кадамдар оюндун деңгээлине таасирин тийгизбей койгон жок.
Мындай көрүнүштөр келишимдин суммасынын төмөндөшүнө да алып келген. Клубдар биринин артынан бири алмашып, Роналдиньо 2011-жылы "Фламенгого", андан кийин 2012-жылы "Атлетико Минейрого" өткөн. Эки жылдан кийин футболчу мексикалык "Керетаро" менен бир жылдык келишимге кол койгон.
Андан соң спортчу бразилиялык "Флуминенсе" клубуна барган. Бирок жаңы тизме менен жети матчтан кийин келишимди бузган. 2018-жылдын 16-январында спортчу чоң спорттон кеткенин жарыялаган.
БРАЗИЛИЯ КУРАМА КОМАНДАСЫ
Футболчу 17 жашка чейинкилер курамасында дебютун жасап, 1997-жылы Египетте өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңген. Турнирдин жыйынтыгында ал "Коло топту" алып, алдыңкы үч оюнчунун катарына кирген.
Эки жылдан кийин бразилиялыктар Уругвайдын дарбазасына жоопсуз 3 гол киргизип, Америка кубогуна ээ болушкан. Роналдиньо Ривалдо менен бирге мелдештин мыкты бомбардири аталган. Экөө тең бештен гол киргизишкен.
2002-жылы улуттук курама командадагы чабуулчу Дүйнө чемпиону болгон. Финалдык беттеште немистер менен кез келишкен. Дубль жасаган Роналдиньо мекендештерин жеңишке жеткирген.
ФУТБОЛДОН СЫРТКАРЫ
2016-жылдын жай айларында спортчу Android жана iOS'тун негизинде өзүнүн Emojinho мобилдик тиркемесин чыгарган.
Мындан сырткары спортчу R10 логотиби менен өзүнүн кийим линиясын да чыгарууга жетишкен.
Эки жылдан кийин Голливуд жылдыздары Жан-Клод Ван Дамм, Кристофер Ламберт жана мушкер Майк Тайсон менен бирге Роналдиньо "Кикбоксчу кайтып келет" тасмасын тартууга катышкан.
Футболчу расмий түрдө үй-бүлө курган эмес. Бирок анын бир уулу бар. Анын уулу да бала кезинен футболго жакын болуп, атасынын жолун жолдогон.
ФУТБОЛЧУНУН КАМАЛЫШЫ
2019-жылдын июль айында Роналдиньонун ондогон мүлктөрү, ошондой эле салык төлөөдөн качкандыгы үчүн Испания менен Бразилиянын паспорттору конфискацияланган.
Кийинчерээк футболчу жана анын бир тууганы өлкөгө жасалма документтер менен кирүүгө аракет кылганы үчүн Парагвайдын түрмөсүнө камалган. 2020-жылдын апрель айында тартип бузгандар үй камагына чыгарылып, августтун аягында бошотулган.
РОНАЛДИНЬО АЗЫР
Азыр Роналдиньонун аты медиа мейкиндигинде чыгууну улантууда. Ушул жылдын 26-февралында чабуулчу Испаниянын футбол медиа лигасында "Порсинос" командасы үчүн "Пио" менен беттешкен. Оюнчу 5-мүнөттө капитандык боосун алып, оюн талаасына чыккан. Бирок алар пенальтилер сериясында утулуп калган.
СЫЙЛЫКТАРЫ ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ