Кыргызстанга "Барселонанын" дагы бир легендасы Хавьер Савиола келди (видео)

Бүгүн, 29-августта Кыргызстанга "Барселонанын" дагы бир легендарлуу чабуулчусу Хавьер Савиола келди. Бул тууралуу Бишкекте өтө турган "легендалар беттешинин" уюштуруучулары жарыялады.

Жалал-Абадда курулган "Барселона" академиясы бүгүн расмий түрдө ачылат. Ага өлкө башчысы Садыр Жапаров, "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта, аталган клубдун легендарлуу футболчулары жана жергиликтүү коноктор катышат.

Ал эми эртең 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо "Барселона" легендалары менен Борбор Азия легендаларынын жолдоштук беттеши орун алат. Аталган оюнга катышуу үчүн Кыргызстанга клубдун Карлес Пуйоль, Людовик Жюли, Эдгар Давидс жана Ривалдо баш болгон легендалары учуп келишкен. Ал эми көпчүлүккө белгилүү бразилиялык футбол жылдызы Роналдиньо бүгүн келери айтылууда.

Каталондук клубдун футболчуларына каршы Борбор Азиянын белгилүү ардагер оюнчулары күч сынашат. Алардын ичинде Руслан Сыдыков, Хуршит Лутфуллаеф сыяктуу мекендештерибиз да бар.

Кыргызстанга аргентиналык футбол легендасы Хавьер Савиола келди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан