29-августта Жалал-Абад облусунда дүйнөгө белгилүү "Барселона" клубунун академиясы ачылганы турат. Ага өлкө президенти Садыр Жапаров жана каталондук клубдун президенти Жоан Лапорта өзү келип катышат. 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барселонанын" Роналдиньо, Пуйоль, Ривалдо баштаган легендалары менен Борбор Азиянын легендарлуу футболчулары жолдоштук беттеш өткөрөт.
Бүгүн, 25-августта мелдештин уюштуруучулары "легендалар беттешинде" ойной турган эки команданын курамын жарыялады. SUPER.KG порталы андагы Борбор Азиянын намысын коргой турган ардагер футболчуларга кызыгып, ар биринин тарыхына өзүнчө токтолуп, баяндап чыкты. Анда шашпай окуп чыгып, биздин чөлкөмдүн командасы "Барса" легендаларына канчалык деңгээлде туруштук бере аларын анализдеп көрүңүз.
Аталган беттеште Борбор Азиянын намысын коргой турган команда Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркмөнстан, Кытай жана Япониянын ардагер футболчуларынан куралган. Алар төмөнкүчө:
1. Хидэтоси Наката - легендарлуу япониялык футболчу. Италиянын "Рома", "Парма" жана "Фиорнетина" сыяктуу күчтүү клубдарында оюн көрсөткөн. Италиянын чемпиону. Италия кубогунун ээси. Азияда 2 ирет "жылдын футболчусу" наамына татыган (1997, 1998). ФИФАнын 100 жылдыгына карата Пеле тарабынан түзүлгөн ФИФА 100 тизмесине кирген (2004). Учурда 46 жашта.
2. Мухсин Мухамадиев - орусиялык жана тажикстандык жарым коргоочу. Карьерасында Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Австриянын, Түркиянын жана Кытайдын алдыңкы клубдарында оюн алып барган. Карьерасын жыйынтыктагандан кийин 17 жылга жакын машыктыруучулук кызматты аркалаган. Учурда тажикстандык "Истиклол" клубунун биринчи вице-президенти. 56 жашта.
3. Фань Чжии - кытайлык коргоочу жана жарым коргоочу. Карьерасынын гүлдөгөн маалы 1994-2001-жылдарга туура келет. Кытайдын "Шанхай Шеньхуа" клубунда ойноп жүргөн учурда атагы жанган. Аталган команда менен өлкө чемпиондугун, өлкө кубогун, өлкө супер кубогун жеңип алган. Андан соң Англия премьер-лигасындагы "Кристал Пелас" командасы сатып алып, Европада 3 жыл мыкты оюн көрсөткөн. Фань Чжии АПЛде ойногон эң алгачкы кытайлык футболчу болгон. 2001-жылы Азияда "жылдын футболчусу" наамына татыган. Учурда 53 жашта.
4. Андрей Канчельскис - орусиялык легендарлуу жарым коргоочу. СССРдин Эл аралык класстагы спорт чебери. СССРдин улуттук курама командасынын мүчөсү. Орусиянын футбол тарыхындагы эң көп титул жеңген футболчулардын бири. Карьерасында (1988-2006) Англиянын күчтүү делген "Манчестер Юнайтед", "Манчестер Сити", "Эвертон" жана "Саутгемптон" клубдарында ойногон. Италиянын "Фиорентина" клубунда, ал тургай азыр футбол жылдыздарын топтоп жаткан сауд аравиялык "Аль Хиляль" клубунда да оюн көрсөткөн. Жетишкендиктерине токтолсок, 2 жолу Англия премьер-лигасын, 2 ирет Англия Супер Кубогун, Англия Кубогун жана Европа Супер Кубогун жеңип алган. Ушундай эле беделдүү кубокторго Шотландияда жана Сауд Арабиясында да ээ болгон. Учурда 54 жашта.
5. Хуршит Лутфуллаев - кыргызстандык футболчу. 2000-2015-жылдар аралыгында жергиликтүү "Абдыш-Ата", "Алга", "Жаштык-Ак-Алтын" сыяктуу күчтүү клубдарда оюн алып барган. Бир канча ирет өлкө биринчилигин, өлкө кубогун жеңген. 2008-жылы Кыргыз премьер-лигасынын мыкты бомбардири болгон. Ал эми жалпы карьерасында ички мелдештерде 86 гол киргизүүгө жетишкен. 2016-2019-жылдар арасы "Абдыш-Ата" жана "Алга" клубдарында машыктыруучулук кызматтарды аркалаган. "А" категориясындагы машыктыруучулук лицензиянын ээси.
6. Мирджалол Касымов - советтик жана өзбекстандык жарым коргоочу. Өзбекстандын белгилүү "Пахтакор" клубунун легендарлуу футболчуларынын бири. СССРдин улуттук курама командасы менен жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугун (1987) жана 2 ирет Европа чемпиондугун жеңип алган. Орусиялык клубдардын катарында УЕФАнын мелдештеринде оюн көрсөткөн. Өзбекстандын 3 жолку, Өзбекстан Кубогунун 4 жолку жеңүүчүсү. Азия оюндарынын жана Орусиянын чемпиону. Карьерасын жыйынтыктагандан кийин Өзбекстандын улуттук курама командасында жана "Бунёдкор" клубунда машыктыруучулук кылып бир катар ийгиликтерге жетишкен. Учурда 52 жашта.
7. Самат Смаков - казакстандык коргоочу. Казакстандын футбол тарыхындагы эң көп титул жеңген футболчу. Өлкөнүн 6 жолку чемпиону. 4 жолу жылдын мыкты футболчусу наамын жеңип алган. Улуттук курама команда үчүн өткөргөн беттештердин саны боюнча рекордсмен. Ал жалпы карьерасында Казакстан үчүн 76 ирет беттешке чыккан. Учурда "Актөбе" клубунун президенти. 44 жашта.
8. Амандурды Аннадурдыев - түркмөнстандык футболчу. Аталган өлкөнүн "Копетдаг" клубунда карьерасынын көпчүлүк бөлүгүн өткөргөн. Түркмөнстандын 4 жолку, Түркмөнстан Кубогунун 2 жолку жеңүүчүсү. Ошол эле убакта Улуттук курама команданын катарында да оюн көрсөтүп, Дүйнө биринчилигине жана Азия кубогуна тандап алуу оюндарында бир канча жолу капитандык милдетти аткарган. Учурда 56 жашта.
9. Руслан Сыдыков - белгилүү кыргыз футболчусу. Коргоочу жана жарым коргоочу. "Алай", "Динамо Бишкек", "Дордой" жана "Ала-Тоо" клубдарында ойногон. Кыргызстандын бир канча жолку чемпиону. 3 жолу өлкөнүн мыкты футболчусу наамын жеңип алган (2005, 2006, 2008). Улуттук курама команданын катарында 16 жыл оюн көрсөткөн. Машыктыруучулук карьерасында "Дордой", "Ала-Тоо" жана "Алга" клубдарында кызмат өтөгөн. Учурда 48 жашта.
10. Андрей Карпович - казакстандык жарым коргоочу. Карьерасында Казакстандын "Локомотив", "Алтай" баш болгон мыкты клубдарында оюн көрсөтүп, көптөгөн ийгиликтерди жараткан. 2004 жана 2005-жылдары жылдын мыкты борбордук жарым коргоочусу деп табылган. 2 ирет Казакстан чемпиондугун, 2 жолу Супер Кубокту жеңип алган. 2017-2018-жылдары мекендешибиз Гүлжигит Алыкулов ойноп кеткен "Кайрат" клубун машыктырган. Учурда "Актөбе" клубунун насаатчысы. 42 жашта.
Ал эми "Барселона" легендаларынан көпчүлүккө белгилүү футболчулар келишет. Алар: Эдгар Девидс, Франческо Коко, Людовик Жюли, Альберт Хоркера, Рональд Де Бур, Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Ривалдо Гонсалес, Жулиано Беллетти жана Хавьер Савьола.
Мындай тарыхый окуя Кыргызстандын футбол тарыхында алгачкы жолу болуп жатат. Тарыхый беттешти кыргызстандык Бахадыр Кочкоров жана өзбекстандык Равшан Ирматов, Абдухамидулло Расулов баштаган калыстар тобу тейлейт.