Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барселона" легендалары менен Борбор Азиянын легендарлуу футболчулары жолдоштук беттеш өткөрөт. Иш-чаранын уюштуруучулары беттешке чыга турган командалардын толук тизмесин жарыялады. Анда буга чейин ойнойт делген айрым белгилүү футболчулар жок экендигин көрүүгө болот. "Легендалар беттешине" чыга турган "Барселона" клубунун курамы төмөнкүчө:
Дарбазачылар: Хесус Ангой, Альберт Хоркера.
Коргоочулар: Хуан Пабло Сорин, Франческо Коко, Карлес Пуйоль, Баржуан Сержи, Хуан Карлос, Андони Гойкоэчеа, Жулиано Беллетти.
Жарым коргоочулар: Роберто Трасоррас, Рожер Гарсия, Эдгар Давидс, Джованни, Жофре Матеу, Людовик Жюли.
Чабуулчулар: Ривалдо, Хавьер Савиола.
"Барселонанын" курамында белгилүү футбол жылдызы Роналдиньо жок. Анын келиши акыркы сааттарга чейин күтүлүп жаткан. Бирок легендарлуу футболчунун келе албай калганын кечээ, 29-август күнү кечинде Жалал-Абаддагы "Барселона" академиясынын президенти Айбек Алыбаев өзү тастыктаганы белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда Роналдиньо укук коргоо органдары тарабынан кармалып, Бразилиядан чыгууга тыюу салынган.
Ал эми "Барселонага" каршы турган Борбор Азия курамасы төмөнкүчө түзүлгөн.
Дарбазачылар: Закир Жалилов (Кыргызстан), Давид Лория (Казакстан), Рахимбек Стамкулов (Кыргызстан).
Коргоочулар: Руслан Сыдыков, Талант Самсалиев (Кыргызстан), Самат Смаков, Игорь Авдеев (Казакстан), Бахтиёр Ашурматов (Өзбекстан), Башир Саид (Бириккен Араб Эмирлиги).
Жарым коргоочулар: Канат Сардаров, Валерий Березовский, Азамат Ишенбаев, Айбек Бокоев (Кыргызстан), Леонид Кошелев, Сервер Жепаров (Өзбекстан), Хуршед Махмудов (Тажикстан), Андрей Карпович (Казакстан).
Чабуулчулар: Хуршит Лутфуллаев (Кыргызстан), Азамат Абдураимов (Өзбекстан), Фейсал Халиль (Бириккен Араб Эмирлиги), Ходадад Азизи (Иран), Мухсин Мухамадиев (Тажикстан).
Борбор Азиянын курама командасында буга чейин айтылган япониялык Хидэтоси Наката, кытайлык Фань Чжии, орусиялык Андрей Канчельскис жок.
Белгилей кетсек, кечээ, 29-августта Жалла-Абадда курулган "Барселона" академиясынын ачылышы болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров менен каталондук клубдун президенти Жоан Лапорта катышкан. Бул "Барселонанын" Орто Азиядагы алгачкы академиясы.