Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №1013 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды (видео)

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өтүп жатат.

Бишкектеги Ленин районунда жайгашкан шайлоо тилкесинде добуш берүү саат 08:00дө гимн менен башталды. Аталган №1013 шайлоо тилкесинде добуш берүүчүлөрдүн саны азырынча аз.

Белгилей кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого 24 талапкер ат салышууда.

Эске салсак, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча буга чейинки кезексиз шайлоо 28-майда болуп өткөн. Анда алдын ала маалымат боюнча, Дамира Ниязалиева жеңип чыккан. Ал шайлоого катышкандардын 35,86 пайызынын добушуна ээ болгон.

Бирок 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

16-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бишкектеги №1013 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан