"Ниязалиевага дагы добуш кошулуп". Ленин округундагы шайлоодо кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы чыкты

Кечээ, 28-майда өткөн Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясына кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары 100 пайыз келип түштү. Ал автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) эсебинен дээрлик айырмаланган жок.

Ага ылайык, Дамира Ниязалиева жеңүүчү деп табылды. Ал АЭУнун эсеби боюнча 6 242 добуш алган эле, кол менен эсептөөдө ага 7 добуш кошулду.

Кол менен эсептөөнүн жыйынты боюнча ким канча добуш алганы төмөндө:

Дамира Ниязалиева - 6 249 добуш (35,86 пайыз);

Улан Сариев - 2 070 (11,88 пайыз);
Эртай Искаков - 1 317 (7,56 пайыз);
Акыл Айтбаев - 991 (5,69 пайыз);
Аттокур уулу Илимбек - 900 (5,16 пайыз);
Өмүрбек Суваналиев - 867 (4,98 пайыз);
Муктарбек Айткулов - 748 (4,29 пайыз);
Данияр Тербишалиев - 476 (2,73 пайыз);
Равшан Жээнбеков - 405 (2,32 пайыз);
Руслан Бекназаров - 404 (2,32 пайыз);
Турсунбай Бакир уулу - 380 (2,18 пайыз);
Баарына каршы - 376 (2,16 пайыз);
Салтанат Сагидаева - 326 (1,87 пайыз);
Айбек Субанов - 286 (1,64 пайыз);
Темир Эмилов - 211 (1,21 пайыз);
Ажыбек Касмалиев - 209 (1,2 пайыз);
Максат Кунакунов - 205 (1,18 пайыз);
Андрей Скорняков - 171 (0,98 пайыз);
Таалайгүл Айдаралиева - 151 (0,87 пайыз);
Эльдар Мадылбеков - 120 (0,69 пайыз);
Мирлан Камбаров - 90 (0,52 пайыз);
Аким Маликов - 68 (0,39 пайыз);
Бактыбек Рысалиев - 60 (0,34 пайыз);
Акин Токталиев - 57 (0,33 пайыз);
Сарылдык уулу Илгиз - 44 (0,25 пайыз);
Эркин Булекбаев - 39 (0,22 пайыз);
Карачач Исмаилова - 34 (0,2 пайыз);
Кубанычбек Макешов - 28 (0,16 пайыз);
Бакыт Керимбеков - 24 (0,14 пайыз);
Гүлшат Тазабекова - 17 (0,1 пайыз).
Белгилей кетсек, шайлоого келген адамдардын саны 17 миң 425ти, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 13,95 пайызды гана түздү. Аталган округда жалпысынан 124 миң 908 шайлоочу бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан