Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Өмүрбек Бекжигит уулу Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Бекжигит уулу 80 килограмм салмак даражасында беттешти. Ал алгачкы атаандашын, тагыраагы индиялык спортчу Чахара Лакшяны жеңди.
Белгилей кетсек, буга чейин бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Аскат Култаев жана Нуржигит Дуйшебаев чейрек финалга чыккан.
Учурда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда үч байге бар. Алгач Эрлан Шеров аталган мелдеште дзюдо боюнча чемпион болсо, ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов менен Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болушкан.