Азия оюндары:  Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болду

Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, Аманбеков 56 килограмм салмак ченинде беттешти. Кыргызстандык спортчу алгач непалдык спортчуну 2:0 эсебинде, чейрек финалда таиландтык атаандашын 2:0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан. Жарым финалда Аманбеков филиппиндик спортчуга 2:0 эсебинде жеңилип калган.

Белгилей кетсек, Аманбековдун байгеси кыргыз ушу саньда тарыхындагы жайкы Азия оюндарындарында алган алгачкы медалы. Ошондой эле бул Азия оюндарындагы Кыргызстандын экинчи байгеси. Буга чейин Эрлан Шеров дзюдо боюнча чемпион болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан