Бүгүн, 29-сентябрда Азия оюндарынын жеңүүчүсү Эрлан Шеров мекенине келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, чемпионду аэропорттон президенттин администрациясынын жана Дене тарбия жана спорт департаментинин кызматкерлери, Дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Эрлан Шеров Азия оюндарына 90 килограмм салмакка чейин катышты. Анда ал Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келген. Бул Кыргызстандын тарыхында Азия оюндарында дзюдо боюнча алгачкы алтын медалы болуп калды.
Учурда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда үч байге бар. Алгач Эрлан Шеров чемпион болсо, ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов менен Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болушкан.