Азия оюндарында алтын медаль тагынган дзюдочу Эрлан Шеровго эки бөлмөлүү батир берилет. Бул тууралуу Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти Жолдошбек Көлбаев спортчуну “Манас” аэропортунда тосуп алуу учурунда журналисттерге билдирди.
"Биз бүтүндөй федерация, өнөктөштөр жана демөөрчүлөр менен Эрланга Бишкектин борборунан эки бөлмөлүү батир берели деп жатабыз. Эрлан ага татыктуу. Мен аны 15 жашынан бери билем, ал азыр 25 жашка чыкты.
Бишкектин борборунан эки бөлмөлүү батир берели деп жатабыз. Бул жаштарга дагы стимул болот", - Жолдошбек Көлбаев.
Учурда Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын куржунунда үч байге бар. Алгач Эрлан Шеров чемпион болсо, ушу саньда боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Темирлан Аманкулов менен Авазбек Аманбеков коло медалга ээ болушкан.