Биз социалдык тармакта

Милициянын формасын кийип видео тарткан жигит табылды. Ал коомчулуктан кечирим сурады (видео)

Милиция кызматкеринин кийимин кийип "тамашалуу" видео тарткан жигит кечирим сурады. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдиргендей, аталган жарандын өздүгү такталып, териштирүү учурунда видеодогу милиция кызматкеринин кийимин кийген жаран 19 жаштагы С.Н. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну экендиги аныкталган. Ал өзүнүн түшүндүрмөсүндө милиция кызматкеринин кийимин уруксатсыз кийип вайн тартканын билдирген.

Аталган факты Чүйдүн Жайыл райондук милициясында катталып, териштирүү иштери башталган.

Эске салсак, буга чейин соцтармактарга жүргүнчү менен кайым айтышып, аны мушташка чакырган милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын видеосу тараган. Буга байланыштуу, кечээ, 11-октябрда ИИМ милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын өздүгүн тактап жаткандыгын билдирген.

Милициянын формасын кийип видео тарткан жигит табылды. Ал коомчулуктан кечирим сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
voennyi88
2023-10-12 10:37:00
Өзү Кыргызстанда тартиптик лагер ачыш керек экен. Ушундайларды коомдук жумуштарга иштеткенге.
0
spitiaws
2023-10-12 16:11:00
Бул бардык Виаградан жакшыраак. Мен баарына өмүрүндө жок дегенде бир жолу сынап көрүүнү сунуштайм - бул сиздин жыныстык жашооңузду бир топ жакшыртат, өзүңүз окуңуз ----->> https://mub.me/etrax
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан