ИИМ милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын өздүгүн тактап жатат

ИИМ тарабынан милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын өздүгү такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ИИМден билдиришти.

Маалым болгондой, буга чейин интернет тармагында жүргүнчү менен кайым айтышкан милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын видеосу тараган. Учурда бул факты боюнча ИИМдин тиешелүү кызматтары тарабынан териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган видеого тиешелүү жарандар такталууда.

"Укук коргоо органдарынын формасын мыйзамсыз кийген же укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жасалма документтерин пайдаланган жарандарга Бузуулар жана Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине ылайык катуу чаралар көрүлөт", - деп эскертти ИИМ.

ИИМ милиция кызматкеринин кийимин кийген жарандын өздүгүн тактап жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан