Буга чейин тургун Кара-Суунун Учар айылында бир жумадан бери электр энергиясын өчүрүп жаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлаган.
Бул боюнча бүгүн, 12-октябрда "Ош электр тармактары" ишканасынын маалымат кызматы электр жарыгынын өчүрүлүп жаткандыгынын себеби оңдоо иштерине байланыштуу экендигин билдирди.
“Ак-Буура” көмөк чордонунда кышка карата ремонт иштери Ош РЭТи тарабынан жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, андан сырткары Сулайман-Тоо РЭТи тарабынан аба чубалгыга тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылып, жаңы СИП өткөргүчтөр тартылгандыгына байланыштуу өчүрүүлөр болгон. Учурда ал айылда электр жарыгы бар. Бирок пландуу ремонт иштери башка объекттерде ноябрь айына чейин болот", - деп билдиришти мекемеден.