ЭЛДИК КАБАР: Тургун: "Кара-Суунун Учар айылында бир жумадан бери электр энергиясын өчүрүп жатышат"

Кара-Суунун Учар айылында бир жумадан бери электр энергиясын өчүрүп жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө кабарлады.

Анын айтымында, Кара-Суу районунун Учар айылында бир жумадан бери кээ бир учурда эскертпестен эле электр энергиясын өчүрүп жатышат.

"Кара-Суу районунун Учар (Чурулдай) айылында бир жумадан бери күн сайын электр энегиясын өчүрүшөт. Чындыгында кыйналып кеттик. Эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 17:30га чейин өчүрүшөт. Мен уста багып жаткам. Бир эле мен эмес нааразы болгон, айыл боюнча баарыбыз нааразы болуп жатабыз. Бир жолу "Ош электр тармагына" кайрылганда оңдоп жатабыз дешкен. Бирок бир-эки күн өчүрүшсө мейли демекпиз. Бирок булар күн сайын өчүрүп жатышпайбы.", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан